Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

“Достуктун” жашоочулары өз көйгөйлөрүн айтышты

Аймак
27 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
604
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  №2 “Достук” территориалдык аймактын жашоочулары менен жолугушуп,  калаанын  социалдык-экономикалык  маселелеринин  чечилиши,  өткөн 8 айдагы шаардагы жасалып жаткан иштер  тууралуу   документалдуу тасма тартууланды . Шаар башчысы мэриянын негизги  максаты шаардыктар үчүн татыктуу турмуш  шарттарын  жакшыртуу  экенин белгиледи.
        Жолугушуу  учурунда  “Достуктун”  жашоочулары  өздөрү жашаган аймактагы ички кварталдык  жолдорго  асфальт төшөө, арыктардын четине лотокторду орнотуу, канализация түтүктөрүн  тартуу  сыяктуу коммуналдык бир катар маселелерди чечүүнүн зарылдыгын  айтышты. Мэр менен баарлашууга  400дөн  ашуун  тургундар  катышышты.
  Ризван  Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.