Курс НБ на 22.10.2018 $69,3251 €79,3703

Демилгелүү жаштар – тазалыкка чакырат

Аймак
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
66
Кечээ, 11-июнда Талас районуна караштуу Калба айылында айылынын жаштары арасында форум  өттү. Иш- чаранын алкагында мектеп директору, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт кызматкерлери жана жаштар Калба айылынын жаштарына тиешелүү көйгөйлүү маселелерди аныктап, талкуулап, чечүү жолдорун сунуштап 2018-жылдын экинчи жарымына иш план түзүү менен уланды. Аталган форум «Дилгир» жаштар лидерлерин окутуу курсунун катышуусу Нурсултанова Шахрезада жана Уланбек уулу Аманбек тарабынан уюштурулду. Демилгелүү жаштардын биринчи иш аракеттери айылдын тазалыгына кам көрүү, ынтымакка алып келүү жана формалдуу эмес окутууларды жүргүзүүгө багытталат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.