Курс НБ на 21.05.2019 $69,8500 €77,9212

Дарыгерлер өлдү деген ымыркай тирүү

Аймак
08 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
61
Акушерлерден жабыркаган ымыркай боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталды. Эске салсак, 22 күн мурда Жалал-Абад областынын Токтогул райондук ооруканасында жарыкка келген наристенин башында жаракат бар экени аныкталган. Эң башында  дарыгерлер ымыркай эненин ичинде өлүп калганын айтышып, аны атайын медициналык жабдык менен алып чыгуу аракетин көрүшкөн. Бирок, операция жолу менен баланы алып чыгып, денени жууп баштаганда, ымыркай тирүү экени белгилүү болгон. 1 аптага жакын баланын абалы оңолбой койгондуктан, ал Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна жеткирилип, дароо реанимацияга жаткырылган. Ушу тапта  эне бала бишкектеги ооруканада, алардын саламаттыгын дарыгерлер жакшы деп баалап жатышат. Жакында эне бала өз үйлөрүнө чыгаары күтүлүүдө.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу