Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Дан эгиндерин жыйноо башталды

Аймак
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
43
Кыргызстандын аймагында быйылкы жылы дан эгиндерин жыйноо иштери биринчи болуп кечээ 12-июнда Кадамжай районунда башталганы кабарланууда.
Маалыматка караганда, райондун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Мейман Миталипов атындагы дыйкан чарбасында дан эгиндери жыйналып баштады. Аталган дыйкан чарбанын жалпы жер аянты 59,1 гектарга жетет. Кылкандуу дан эгилген жердин аянты 10,5 гектар. Ал эми түшүмдүүлүгү 30-35 центнерге жетет. Тагыраагы, 1 гектардан 3,5 тонна буудай алынат. Эгин жыйноо иштерин 2 комбайн аткарып жатат. Азырынча бул маалыматты Айыл чарба министрлиги тактай элек.
Жазгүл Кенжетаева

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу