Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

«Чыңгыз-Ордо» маданий комплексин куруу тездетилиши керек

Аймак
07 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
46
Вице - премьер министр Алтынай Өмүрбекова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин айрым мүчөлөрү менен «Чыңгыз-Ордо» маданий комплекси курулчу Шекер айылына барды. Уюштуруу комитети  комплекстин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагында жеңишке ээ болгон долбоорду талкуулашып, Талас шаарынын борбордук аянтында жакында ачыла турган Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин абалы менен таанышты. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аймактык жетекчилерге эстеликке тийиштүү аймакты ыкчам түрдө көрктөндүрүү тапшырмасын берди. Эске салсак, быйыл дүйнө эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатат.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу