Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет

Аймак
30 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
50
Ош шаарында 2-3-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет.
Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында “90 жылдыкка 90 көркөм өнөр” аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат.  Борбордук аянтка  боз үйлөр тигилип,  кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл-чарба жарманкеси өтөт.  
Ал эми, ОУДТда, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, окутуу-тарбиялык, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин, ар түрдүү тематикадагы чыгармалардын  көргөзмөсү болот.
 Ошондой эле шаардагы ОУДТда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган театрлаштырылган эскерүү кечеси уюштурулуп, анда  жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан документалдуу фильм көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, Ош облустук ат майданында «Жаныбарым Гүлсары" аттуу улуттук «Көк бөрү», «Ат чабыш», «Кыз куумай», « Жорго салыш» оюндары боюнча мелдештер өтөт. 
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу