Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоо маселеси каралды

Аймак
09 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
443
8-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы менен таанышты.
Чолпон-Ата шаарынан тышкары Кара-Ой айылындагы бир нече эс алуучу жайлар кошулгандыктан, борборлоштурулган кайра иштетүүчү жайга оорчулук келип жатат. Түзүлгөн мындай жагдай боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков шаардын суу чарба башчысына бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке атайын кат менен кайрылууну сунуштап, андан ары бул көйгөйдү КР Өкмөтү менен сүйлөшүп чечүү жагын караштыра тургандыгын билдирди. Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков, жарандардын турмуш жагдайын жакшыртуу башкы максат болушу керектигин белгилеп, Ысык-Көл облусундагы ар бир үйдү борбордук канализацияга кошуу зарылдыгын кошумчалады.
 
1986-жылы пайдаланууга берилген Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жай акыркы жылдары колдонуучулардын көбөйүшү менен кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келет. Ага кошумча, канализациялык түтүктөрдүн эскиргендиги да системаныны туруктуу иштөөсүн оорлотууда. Бул боюнча маалымат берген мекеме жетекчиси жалпы оңдоп-түзөөгө 20 млн. доллар акча каражаты керектелерин билдирди.
 
Жумушчу иш сапардын катышуучулары бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен кийики жумада сүйлөшүүлөрдү өткөрүү чечимине келишти.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.