
Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Чоң-Алайда жеңил унааны көчкү басып калды
Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылында жеңил унааны кар көчкү басып калган. Ичиндеги адамдар аман калды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым ылайык, 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолуна (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600 метр куб кар көчкү түшкөн. Айылда 700 метр куб кар көчкү түшүп Деу Матиз унаасын басып калган. Ичинде 2 адам болгон.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек