Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Чоң-Алай кардан толук тазаланды

Аймак
10 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
561
Чоң-Алай районундагы бардык ички жолдор кардан тазаланып бүттү. Бул тууралуу аталган райондук администрациянын аппарат жетекчиси Файзидин Низамов билдирди. Анын айтымында, бир жума бою тынымсыз жааган кардан улам ички жолдор жабылып калган. №16 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жалпы жол тазалоочу 10 техниканын жардамында ички жолдор толук тазаланды. Учурда райондогу 22 айылдын ички жолдору ачык.
Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында 4-февралга караган түнү калыңдыгы 70-80 см кар жааган. Кардан улам 16 айылдагы 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып, Дароот-Коргон—Чак—Жаш-Тилек унаа жолунда кар көчкү түшкөн. ӨКМ 5-февралда райондун 9 айылындагы 39 чакырым ички чарбалык жол кардан тазаланганын билдирген.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.