Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Чек арадагы чатактан жабыр тарткандарга ыйгарым укуктуу өкүл жардам көрсөттү

Аймак
06 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
38
Чек арадагы чатактан жабыр тарткан жарандын  үйүнүн чыгымдарын тактоо боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан ордунда иш алып барылды. Келтирилген зыян такталып, облустук, райондук, айыл аймактык бийликтер тарабынан материалдык жардам берилип, үйдү ондоо-түзөө иштери аткарылды.
 Баткен районунун жана Ак-Сай айыл аймагынын жетекчилиги менен бүгүн жабыркаган үйдүн чатыры жаңыланып, сынган тарабындагы шиферлер жаңысына алмаштырылды. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан үй ээси Абдираим уулу Амирбекке 25000 сомдук жардам көрсөттү.
Таш ургулоодон эшик, терезелери жараксыз абалга келген тургундардын да үйлөрүнүн  эшик, терезелери жаңысына алмаштырылууда.  
 
2017-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Үч-Дөбө айылы менен Тажик Республикасынын Чорку жамаатынын Хожуало айылынын жашоочуларынын ортосундагы чыр-чатактан Үч-Дөбө айылынын 3 тургунунун үйлөрүнүн чатырлары, эшик, терезелери, дубалдарына таш тийип талкаланган. Адистердин алдын ала эсептөөлөрүнө караганда Абдираим уулу Амирбек 67 миң сомдук, Даабеков Болот 6 миң сомдук, Байзаков Абдилла 7 миң сомдук зыян тарткан.
 Баткен районунун Үч-Дөбө айылында учурда абал тынч. Күч структураларынан күчөтүлгөн топ участокто нөөмөттө турат.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу