Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Чек арадагы айылдарга каражат берилет

Аймак
08 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
46
Мындан ары да Өкмөт жыл сайын чек арада чектеш жайгашкан айылдардын өнүгүүсү үчүн акчалай каражат бөлө тургандыгын жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалык башчысы Азамат Шамеев билдирди. “Чек арага чектеш аймактарда социалдык-экономикалык абал начар. Учурда чек арадагы тилкелерде 50 айыл бар. Былтыр ушул региондордун өнүгүүсүнө бюджеттен 87 млн. сом бөлүнгөн. Мисалга, бул каражатка мектеп жана ФАПтар курулуп, айрым айылдар таза суу менен камсыз болгон”, - деп билдирди Шамеев. Эске салсак,  2017-жылы региондордун өнүгүүсүнө 100 млн. сом бөлүнгөн. 2018-жылы ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга 250 млн. сом, ал эми региондордун башкы планын иштеп чыгууга 50 млн. сом бөлүнгөн.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу