Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Чек ара кызматкери каза болду

Аймак
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
454
Чаткал районундагы чек ара заставасынын кызматкери каза болду.
26 жаштагы ага сержант И.Т «Чаткал» чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан. Ал 7-февралда эс учун билбеген абалда ооруканага түшкөн жана ага так диагноз коюлган эмес. Ал кечээ, 8-февралда түнкүсүн каза болгон. Кээ бир маалыматтар боюнча ага сержанттын ден соолугунун абалы начар болчу. Ал эми баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.
Аталган факт боюнча Аскердик прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.