Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Чаткалда бала бакчанын имараты толугу менен күйүп кетти

Аймак
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
27
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында жайгашкан бала бакчада өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирген маалыматы боюнча, «Ак-Шоола» бала бакчасынын имараты толугу менен күйүп кеткен. Өрт болжол менен 540 чарчы метр аянтты каптады.

Учурда өрттүн себеби жана башка маалыматтар такталып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу