Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Чайчы айылында 11 үй пайдаланууга берилди

Аймак
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
513
Өткөн жылы 17-ноябрда күчү 6 - 7 баллга жеткен жер силкинип, Кара-Суу районунда 10 үй кыйрап, 383 турак-жай жашоого жараксыз деп табылган.  Андыктан, катуу жер титирөөдөн жабыркаган Чайчы айылына үй куруу үчүн миң тоннадан ашуун цемент, 60 тонна арматура, 203 миң кыш жеткирилип, 200 миң сомдон 20 жылдык ссуда берилген.  Учурда бул аймакта 177 үйдүн пайдубалы курулуп, 152 үйдүн курулушу 80% аяктап, 11 үйдүн пайдубалы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.