Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Быйыл Ошто турак үйлөр көп курулду

Аймак
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
337
2016-жылдын январь айынан октябрга чейинки аралыгында Ош шаарында  турак үйлөр  колдонууга көп  берилген. Бул тууралуу  Улуттук статистикалык комитет билдирди.  Маалыматка караганда, быйылкы жылы жалпы аянты 654,5 миң чарчы метрди түзгөн 5556 турак үй колдонууга берилип, 2015-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга көп болгон. Муну менен катар чыгымдар 10 пайызга төмөндөп 10,5 миллиард сом үнөмдөлгөн.  Бишкек, Ош жана Баткен шаарларын кошпогондо Кыргызстандын көпчүлүк бөлүктөрүндө турак үйлөрдү колдонууга берүү былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу кыйла жогору болгон.  Ош облусунда — 146 миң чарчы метр, Бишкек шаарында — 122, 4 миң, Чүй облусунда — 112, 1 миң жана Жалал-Абадда 103,3 миң чарчы метр колдонууга берилген.  Баткен менен Ысык-Көл облустарында курулуш иштери 41 миң чарчы метрди түзүп бирдей көрсөткүчтү көрсөткөн. Талас облусунда — 39 миң чарчы метр. Эң аз курулуш иштери Нарын облусу (25,5 миң чарчы метр) менен Ош шаарында (23,2 миң чарчы метр) катталган, делет sputnik.kg сайтындагы  маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.