Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Боз үйдө билим алып жаткан окуучулар мектеп имаратына которулат

Аймак
10 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
19
Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы боз үйдө билим алып жаткан окуучулар мектеп имаратына которула тургандыгы тууралуу кабарды Билим берүү министрлиги тастыктады. 15-октябрдан баштап айылдагы Анарбек Ибраимов атындагы №36 орто мектептин 2010-жылы салынган имаратына жогорку жана башталгыч класстын балдары кезек менен окуй баштайт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик окуучуларды мектепке жеткирип, кайра алып кетүүнү уюштурат.-делет маалыматта.  Эске салсак, сентябрь айынан бери Кызыл-Өзгөрүш айылындагы башталгыч класстардын 300дөй окуучусу боз үйлөрдө билим алып жаткан.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу