Курс НБ на 22.09.2018 $68,8080 €81,1487

Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы мыйзамсыз курулуштар алынды

Аймак
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
67
Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарында кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызыл сызыкка салынган курулуш ээлерине бир нече жолу эскертүү беришкен, мыйзамсыз кармалган каша, сарай, мончо, чач тарач, соода түйүндөрү жолдорду тарытып, коммуналдык кызматтын жолду жана түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине тоскоолдук жаратып келген.
Белгиленген мөөнөттө талаптарды аткарбаган жаорандардын курулуштары толугу менен алынды.
Мындан тышкары, Бостери айылындагы 7 көчөгө, Бактуу-Долонту айылындагы 3 көчөгө жарыктар коюлуп, айыл ичиндеги жолдор оңдолмокчу. Мындан улам мыйзамсыз курулуштар алынууда.
Булак: Турмуш
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.