Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

“Биз башкачабыз” аттуу концерттик программа (фоторепортаж)

Аймак
06 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
25
Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.
Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров өз сөзүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар тараптан колдоолор болуп жаткандыгын айтып, жаңы социалдык объектилер курулуп келечек муундарга жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Ал эми, аталган бала бакчанын жетекчиси Гулмира Атабаева “Айданек” балдар бакчасында “Балдар, балдарга жардам берет” аттуу программа иштелип чыгып, дени сак балдар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип, тарбиялоо, билим берүү, аң-сезимин өрчүтүү боюнча багыттар жүрүп жаткандыгын билдирди.
№30 “Айданек” балдар бакчасында инклюзивдик билим берүү боюнча 380 бала тарбияланат, алардын 14 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Балдар бакчасында атайын медайым, укалоочу, психолог, дефектолог балдар менен иштешет.
  Ризван Исмаилова, Ош шаары
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу