Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

Бишкек — Ош жолундагы автокырсыкта жубайлар каза болду

Аймак
10 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
119
Бишкек — Ош жолунда жеңил автоунаа менен фура кагышып, эки киши каза болду. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан кабарлашты.

Окуя болжол менен түшкү саат үчтөрдө жолдун 113-чакырымында болгондугу айтылды. Милициянын маалыматына караганда, Subaru Forester унаасы түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, жолдун каршысына чыгып кетип, Volvo машинасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы эркек киши менен анын 67 жаштагы аялы каза тапкан. 

Жеңил унааны Россиянын атуулу айдап бара жаткандыгы, ал эми автоунаа Казакстандын номери менен жүргөндөгү айтылды.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. 



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу