Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Бишкек — Ош кан жолундагы кырсыктан киши каза болду

Аймак
09 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
32

 Бишкек — Ош кан жолундагы кырсыктан бир киши каза болгонун Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 7-июлда саат 13:40тар чамасында Чаткал районунда болгон. 

"Lexus 470 үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу Бишкекти көздөй бара жатып, рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып Ош тарапка бараткан Hyundai Porter автоунаасы менен кагышкан. Porter унаасынын 36 жаштагы айдоочусу ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Hyundai Porter автоунаасынын ичиндеги жүргүнчү жаракат алып Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу