Курс НБ на 16.08.2018 $69,4905 €78,7084

Баткен-Согди облустарынын кызматташтыгы уланат (фото)

Аймак
31 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
179
Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилер, Тажик Республикасынын  Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилер  менен Худжанд шаарында расмий жолугушту.
Абиш Халмурзаев  алгач Тажик Республикасынын  Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзоданы  жаңы кызмат орду менен куттуктап, белектерин ыйгарды. Тажик тарап да өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын даңазалаган белектери менен өкүл Абиш Халмурзаевди сыйлашты.
Эки тараптуу жолугушууда жетекчилер эки облустун соода экономикалык, социалдык маданий жана башка тармактар боюнча жетишилген ийгиликтер тууралуу жана 2018-жылдын 1-2-февралында Тажик Республикасынын Душанбе шаарында өтүүчү эки мамлекеттин Президенттеринин катышуусундагы  расмий жолугушуунун алкагында,  эки облустун жетекчилери кол кое турган 2018-2020-жылдарга Баткен-Согди облустарынын  кызматташуу планынын, долбоорун талкуулашты.  
Ошондой эле коншулаш эки облустун келечек пландары  тууралуу кеңири баарлашуу жүрдү.
Облус башчылары расмий жолугушуудан соң,  тажик элинин тарыхий майрамы деп эсептелинген “Сада” майрамына катышып,Согди элин Абиш Халмурзаев бул тарыхий майрамдары менен куттуктап, сөз сүйлөдү.
Баткен жана Согди облусунун жетекчилери майрамдын урматына уюштурулган айыл чарба продукцияларынын жана улуттук каада салтты даңазалаган, кол өнөрчүлүк жарманкесине катышышты.
 Ал эми Согди облусунун таланттарынын концерттик программасында  кыргыз ырлары  мыкты чеберчилик менен аткарылып, жалпыга  жагымдуу маанай тартуулашты.
Майрам соңунда  Абиш Халмурзаев жана Раджоббой Ахмадзода Согди облусунун эмгек ардагерлери, аксакалдары жана эмгек алдыңкылары менен сый тамак үстүндө баарлашты. Аксакалдар эки облустун жетекчилерине кыргыз тажик элинин  ынтымагын, карым катнаш, алакасын  чыңдоо аракеттерин өзгөчө баалап, ыраазычылыктарын билдиришип,  баталарын  беришти. 

Чолпон Бердикулова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.