Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Баткендин Кан айылында бала бакча ачылып, заманбап мектеп курулууда

Аймак
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
548
КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев "Ак-Бешик" балдар бакчасынын ачылуу аземине катышуу менен бирге мектептин курулуш иштери менен таанышты.
 Баткенде Дара айыл аймагына караштуу Кан айылында "Ак-Бешик" бала бакчасы ачылды. Ошону менен бирге аталган айылда эки кабаттуу 225 орунга ылайыкташтырылган мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.  Маалыматка ылайык, 25 орунга ылайыкташтырылган бала бакчада учурда 100 бала тарбияланып жатат.  "Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев балдарды жана жергиликтүү тургундарды бала бакчанын ачылуу аземи жана келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, кичинекей балдарга жана аксакалдарга белектерди тапшырды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле облус жетекчиси заманбап мектептин курулуш иштерине да күбө болду. Маалыматта белгиленгендей, райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан шарты катаал Кан айылында буга чейин типтүү мектеп болгон эмес. Мектептин курулушуна республикалык бюджеттен акча бөлүнүп, жалпы сметалык баасы 42 миллион сомду түзгөн. Жаңы мектеп 225 орунга эсептелип, заманбап спорт залы, ашканасы, жылытуу системасы менен курулууда. Мектеп 2017-жылдын жаңы окуу жылында пайдаланууга берилмекчи. Дара айыл өкмөтүндө 9 айыл бар. Жергиликтүү калктын саны 10 миң 200 киши. Айыл аймакта жалпы 7 мектеп, 5 бала бакчасы бар.

Булак: Sputnik Кыргызстан


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.