Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Баткендик кол өнөрчү эки кырдуу нарда менен шахмат столун 10 миң долларга баалады

Аймак
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
790
 Баткен районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагынын Ак-Турпак айылынын 46 жаштагы тургуну Халил уста шахмат жана нарда жайгаштырылган айланма, эки беттүү столду жаңгак, мүйүз, күмүш колдонуп, оюп жасаган. Бул туурасында Турмуш басылмасы менен болгон маегинде билдирген.
Столдун бир бетине нарда, экинчи бетине шахмат ойносо болот. Шахматтык фигуралардын кара өңдөгүсү кара мүйүздөн, ак түстөгүсү ак мүйүздөн жасалган. Шахматтын чети сөөктөн оюлуп жасалса, тамгалары күмүштөн жана мүйүздөн чегилген. Ал эми, нарданын кубиктери мамонттун тишинен жасалып, санды көрсөтүп турган чуңкурчаларга күмүштөр орнотулган.
Столдун бети кургатылган жаңгактан, буттары тоо текенин мүйүзүнөн жасалган. Эки капталындагы 4 жыландын башы дагы кооздолгон.

«II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда аталган сувенир 10 миң долларга бааланды. Ошол жерде эң кооз сувенир аталып, баш байгени утуп алдым. Учурда бул сувенирди 10 миң долларга сатууну көздөп атам. Бул столду жасоого 3 жыл убакыт кетти», - деди уста.
Халил уста 18 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал жасаган сувенирлер чет өлкөнүн таанымал лидерлерине Кыргызстандын атынан белек катары берилип келет.
Устанын айтымында, сувенир жасоо атасынан калган өнөр. Атасы Ысмайыл Момунов зергерчилик менен эмгектенген.
«Атам мага жаш кезимден тарта сүрөттөн көргөн буюмдарды жасаганды үйрөттү. Убакыттын өтүшү менен бул өнөрдү жактырып, ар кандай буюмдарды жасап баштадым. Жасаган сувенирлерди кымбат баада сатып, үй-бүлөмдү багууга каражат таптым. Мүйүздөн жасап чыккан кыргыз жаасы Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесинде президент Владимир Путинге белек кылынган. Ошондой эле, Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лушковго, 2014-жылы Венгриянын премьер-министрине мен жасаган жаалар белек катары берилген. Ал эми, Жибек жолунан өтүп бараткан көч чагылдырылган сувенир Американын лейтенантына белекке берилген», - дейт уста.
Достукту чыңдоо максатындагы белек үчүн мүйүздөн жасалган жааны 1,5 миң долларга баалаган.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.