Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Баткендеги унаа кырсыктан 3 адам каза болуп, 8 адам оор жаракат алды

Аймак
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
102
Бүгүн, 14-ноябрда Лейлек—Исфана унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болуп, 8 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык эртең менен саат 08:00 чамасында Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында катталып, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «Жигули» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ошол жерде каза болуп, 8 адам Исфана аймактык ооруканасына жеткирилди. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, учурда операциялар жасалып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.