Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Баткенде сүт азыктарын кайра иштеткен чакан ишкана ачылды (фоторепортаж)

Аймак
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
20
Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында “Рахат” сүттү кайра иштетүүчү кичи заводу ачылды. Ачылуу аземине КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана бардык район, шаар башчылары катышты.
Жеке ишкер тарабынан ачылган ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, ЭАЕБдин талаптарына жооп бере турган сүт азыктарын чыгарып баштады.
Сүт заводу күнүнө 500 литр сүттү кайра иштетип, сүт, айран, каймак, быштак, йогурт өндүрүүдө.  Өндүрүлгөн продукцияны завод жетекчилиги аймактагы оорукана, билим берүү мекемелери жана завод фабрикаларга сатуу боюнча келишимдерди түзүп баштады.
Заводдун өндүрүү көлөмү суткасына 1 тонна.
 Учурда заводго жергиликтүү тургундар өндүргөн сүттөрүн тапшырууда.
Жеке ишкер Аким Кааров бул заводду куруу үчүн Россия Өнүктүрүү фондунан 8,5млн сом жеңилдетилген насыя алган.  
Чолпон Бердикулова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу