Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Баткенде мөмө жемиштерди сактоочу логистикалык борбор пайдаланууга берилди (фоторепортаж)

Аймак
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
22
Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында экспортко багытталган айыл чарба продукциясын сактоочу, ЕАЭБдин талаптарына толук жооп берген  логистикалык борбор ачылды.
Борбордун ачылуусу менен дыйканчылык жана  багбанчылык менен алектенген  айыл аймактын элине  шарт түзүлдү. Жыл сайын Кадамжай районунда  22 миң 500 тоннадан ашуун мөмө жемиштер өндүрүлөт. Эми дыйкан, багбандар апрель, май айына чейин бул борбордо мөмө-жемиштерин сактаса болот.  
Логистикалык борбордун ачылуусуна катышкан КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, жана КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев айыл чарба тармагына багытталган иш каналарды курууну, ачууну каалаган жеке ишкерлерге мамлекет тараптан жеңилдетилген насыялар жана ар тараптуу колдоолор болоорун белгилешти.    
Жалпы сметалык баасы  9 млн сомду түзгөн, 500 тоннага эсептелген логистикалык борбор ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен ишке ашты.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу