Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Баткенде Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак
03 - Март 2018
www.erkintoo.kg
196
Салтанат, Мамлекеттик тууну колдоруна бийик көтөргөн, баштарына ак калпак кийген  жаштардын жөө жүрүшү менен башталды.  Баткен шаарынын негизги көчөлөрүн патриоттук дем менен аралаган улан кыздар, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маңдайындагы туу күнүнө арналып уюштурулган жыйынга келип кошулушту.
Салтанаттуу жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов баш болгон бир катар жетекчилер катышып, Туу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.
Алишер Абдрахманов өз сөзүндө Туунун кабыл алынуу тарыхына токтолуп, мындай иш чаралар   жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүү менен  Мамлекеттик символдорубузга болгон сый урматтан кабар берет деди.  Ошондой эле бардык жарандарды мамлекеттик туу жана улуттук ак калпак күнү менен куттуктады. 
Чогулгандарга мектеп окуучулары тарабынан Тууну, Ак калпакты  даңктаган ырлар тартууланды.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.