Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Баткен өрүгү БУУнун “Тоо азыктары” программасына кирди

Аймак
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
1475
Баткен облусунун өрүктөрү БУУнун тамак-аш жана айыл чарба уюмунун  жаңы «Тоо азыктары» аттуу программасына кирди. Мындай маалыматты БУУнун улуттар уюмунун маалымат бөлүмү билдирет. Маалыматтарга караганда, өткөн жумада тоо азыктарын маркировкалоо тууралуу программа жарыяланган. Программанын негизги максаты, тоодо өндүрүлгөн продукцияларды жана кичи өндүрүштөрдү Эл аралык базарга алып чыгуу болуп саналат. Эске салсак, Баткен облусунун өрүктөрү Кыргызстандагы брендге айланган жемиш болуп эсептелет. Маалыматтарга караганда, Баткенде өрүктүн аянты 10
гектарга жетет.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.