Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Баткен ОИИБнын кайгуул күзөт кызматы былтыр кызмат учурунда каза болгон Акматов Шерматтын үй-бүлөсүнөн кабар алышты

Аймак
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
24
Милициянын старшинасы Акматов Шермат 1987-жылы 19-ноябрда Лейлек районунун Коргон айылында төрөлгөн. Ал эми ички иштер органына 2014-жылы кабыл алынган. Ал алгач тез арада чара көрүүчү отрядынын күжүрмөн кызматкери андан соң патрулдук милицияда жигердүү кызмат өтөп, мекенге күйгөн патриот жигит эле.
2017-жылдын 14-ноябрь күнү эрте менен жумушка бара жатып жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде каза болгон. 
Шерматтын артында кош бойлуу келинчеги жана 2кыз, 1уулу калган. Атасынын кесиптештерин көргөн 2,5жаштагы уулу Бексултан жетинип сүйүнө албай бир топко эркелеп алды. Баласын жоготуп сыздаган ата-эне, жакын бир туугандары бул демилгени көтөрүп, ыйык Рамазан айында маркумдун балдарынан кабар алып келген Баткен ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын командири милициянын капитаны Эрмек Анарбеков жана Лейлек РИИБнүн кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринен ыраазы болушуп ак баталарын беришти. Аз да болсо жардам болсун деп келинчегине акчалай жардам, балдарына оюнчуктарды беришип, чогуу даам сызып кайтышты.
Дамира Юсупова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу