Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Баткен облус макамын алганына 17 жыл болду

Аймак
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
848
Баткен облусунун "облус" макамын алганына бүгүн, 13-октябрда 17 жыл болду. Президент Аскар Акаевдин жарлыгына ылайык, 2000-жылы Баткен облусу негизделген.
 Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилип, жаңы облустун борбору болуп Баткен айылы белгиленген. Республиканын түштүгүндөгү мамлекеттик чек араны коргоо үчүн аскердик бөлүктөр негизделип, аларга чек арачы аскерлер коюлган. Натыйжада 2000-жылы күзүндө Кыргыз Республикасынын чектерине кайрадан кирип келишкен бандиттик топтор кыргыз жоокерлери тарабынан сокку жеп, чегинүүгө аргасыз болушкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.