Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Балыкчыларды издөө иштери убактылуу токтотулду

Аймак
10 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
349
Түп районундагы Кутургу менен Фрунзе айылдарынын аралыгында көлгө балык кармоого кеткен  2 балыкчыны издөө иштери убактылуу токтотулду. Издөө иштерине 11 куткаруучу, 6 суучул, РИИБден 2 кызматкер, Араб компаниясынан 1 эхолот, 3 моторлуу кайык, Орусиянын Аскер деңиз базасынан 2 катер, 1 моторлуу кайык, жергиликтүү тургундардан 1 эхолот, 1 моторлуу кайык, жалпы 50дөн ашык адам тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Бирок, чөккөн балыкчылар табылган эмес. Андыктан, балдардын ата-энелеринин макулдугу менен издөө иштери 20-февралга чейин убактылуу токтотулганы маалым болду,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.