Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов: «Балыкчыны өлкөнүн алдыңкы шаарларынын катарына кошуу милдетибиз"

Аймак
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
982
-Алмаз Ишенбекович, Балыкчыга келгениңизге алты ай болду. Шаардын шамалына, жашоо-турмушуна ыңгайлашып калдыңызбы?
- Билинбей эле алты ай өтүп кетиптир. Кызматка кечээ келгендей сезилүүдө. «Балыкчынын тузу оор» деп бекеринен айтылбаптыр, шамалына да акырындан көнө баштадым. Мэрге тиешелүү кызматтык турак-жай кезегинде бирөөлөргө сатылыптыр. Ошондуктан азырынча «Алия» мейманканасында жашап жатам.
Үй-бүлөм Бишкекте. Таң эртеден түнгө чейин жумуштамын. Үй-бүлөм мындай шартты түшүнүү менен кабыл алды.
Балыкчы шаары мага абдан жакты. Бишкекке барганымда Бишкектин ызы-чуусунан, көчөлөрдөгү тыгындардан жүдөп, Балыкчыга тез кайтууну эңсеп кетем. Менимче Балыкчы келечекте балким республикабыздын борбор шаары болуп калса эң сонун болмок деп ойлоп кетем. Тарыхка кайрылсак, бир катар Европа өлкөлөрүнүн борбор шаарлары суу жээктеринде курулуп жайгашкан. Негизи эле дүйнөлүк цивилизациянын башаты суу жээктерден башталган эмеспи. Мисалы, тарыхтагы эң байыркы цивилизациянын бири болгон Мессопотамия эске түшөт. Бул менин жеке пикирим. 
-Сизди республикабыздагы жаш жетекчилердин бири десек болот.Ушуга байланыштуу азыркы жаштарга кандай кеп-кеңешинизди айтмакчысыз?
- Учурда жетекчи кызматтарда менден да жаштар бар. Себеби, бийлик бутактарында жаңылануу процесси жүрүп жатат. Бир катар жаш адистер жооптуу кызматтарга дайындалууда. Негизи БУУнун классификациясына ылайык жаштарга 18 жаштан 44 жашка чейинки адамдар кирет. Жаштарга терең билим алыш керек, азыр билим алууга, маалымат издеп табууга, интернет байланышына аябай мүмкүнчүлүктөр көп. Далай пайдалуу китептер жарык көрүүдө. Ушуларды жакшы пайдалануу керек. Жалкоо болбой адам ар дайым изденүүдө болушу замандын талабы. Анан, көптү эңсебей, аздан баштоо ылайык. Мисалы, эмгек жолду дароо эле ири компаниялардан же мамлекеттик кызматты бийик деңгээлден баштоону эңсебей, тажрыйба топтоп, кичинесинен, төмөндөн башташ керек. Төмөнкү кызматтан баштаган адамдын потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр арбын болот. Азыр жаштар эле эмес, жалпы калк китеп окубай калдык. Китеп окуу маданиятын таптакыр жоготуп койдук. Экономикадагы оор жагдай ушул себептен да болушу мүмкүн деп ойлойм. Жаштарды китеп окууга чакырат элем. Китеп окуу бул – изденүү, аркандай билимге баюу дегендик.
         Жаштарды туруктуу болууга, баштаган ишти ара жолго таштабай, аягына чыгарып, баардык ишке жоопкерчиликтүү болууга чакырам.
-Жергиликтүү Кеңеш шаардын эң маанилүү бийлик бутактарынын бири болгондуктан, Кеңеш менен мамилелерге токтоло кетсениз?
     -Мен шаар мэри кызматына талапкер катары өз программамды жактап жатканда, ийгиликтин башаты - бул биринчи кезекте мэрия жана Кеңештин биримдикте, шайкеш иш алып баруусуна, мамилебиз саясаттан же ар кандай саясий форматтагы араздашуулардан алыс болуп, болгон күч-кубатыбызды чарбалык маселелерди чечүүгө багыттайлы дегем. Учурда ошол айтылган сөздөр ишке ашууда. Депутаттарыбыз мэриянын демилгесин колдоодо. Шаар маселелерин бирге чечүүдөбүз.
-Ишти эмнеден баштадаңыз? Кайсыл маселелер тынчыңызды алды?
-Стратегиялык пландаштырууну колдонууну көздөп атам. Себеби, стратегиялык пландаштыруу эртеңки ийгиликтердин ачкычы. Стратегиялык максаттардын белгиленген жол картасы менен эмгектенүү менин негизги принциптеримдин бири. Стратегиялык пландаштуруу дегеним «Биз кайдабыз?», «Биз кандай болушубуз керек?» жана «Биз аны кантип жасашыбыз керек?» деген сууроолорго жооп берүү процесси болуп саналат.
Биринчи маселе, Балыкчы шаарынын 2020-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда болуп жатат. Стратегияны иштеп чыгуу бул-аймактагы колдо бар ресурстарды максаттуу жана оптималдуу пайдалануу дегендик. Мындан тышкары, мен азыркы учурда, мэриянын аппаратынын ишин стратегиялык менеджменттин негизинде жүргүзгөнгө аракеттенүүдөмүн.
Дагы айта кетчү олуттуу маселе, шаардын административдик чек арасын тактоо иштерин баштап, азыр аяктап калдык. Себеби, ушуга чейин шаарыбыздын чек арасы аныкталбаптыр. Ошондуктан биз шаардын чек арасын тактап алсак, экинчи этапта муниципалдык мүлктү инвентаризациялоону баштайбыз. Бул иштин алкагында шаарыбыздагы көптөгөн обьектилердин менчиктик формасын аныктап, алардын ээлеген аянттарынын чегин тактап, билгилейбиз. Бул ишти аяктасак, анда келечекте бир катар жакшы иштерди аткарууга шарттар түзүлөт. Мисалы, тышкы инвесторлор менен иштөө кыйла женилдеп, инвестицияларга шыдыр жол ачылат. Шаардын чек арасын аныктоодо “Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасы менен төрт ай бирге иш жүргүздүк. Жаңы чек арага ылайк шаарыбыздын аянты 3 миң гектарга кеңейет. Чек аранын кенейиши көптөгөн пайдалуу иштерге жол ачат. Турак-жай куруу үчүн жер алууга кезекте турган жарандарга жер бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк болот. 
 Балыкчы- Ысык-Көлдүн дарбазасы болгондуктан, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жол курулушу жана ремонтуна өзгөчө көңүл бурулду.
60 жылдан бери ремонт болбогон Ж.Абдрахманов көчөсү толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Учурда толугу менен асфальт төшөлүп, жол чийиндери чийилип, жол белгилери коюлду. Бул жумуш Президентибиздин колдоосу менен аткарылды. Балыкчылыктар Президентибизге терең ыразычылыгыбызды билдиребиз! Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен бул көчөнүн түнкү жарык берүүчү шамдарын баштан аяк өзгөчө жарык берүүчү көрктүү шамдарга алмаштыруу боюнча тендер өткөрүлүп, ушул күндөрү подрядчиктер аркылуу коюла баштады. Буюрса Абдрахманов көчөсү жаркыраган, жолу мизилдеген көчөгө айланып баратат.
   Дагы белгилей кетүүчү нерсе, көчөнүн эски шамдарын шаарыбыздын башка көчөлөрүнө орнотобуз. Мындан тышкары ушул көчөдө жайгашкан 4 имараттын маңдайын жарыктандыруу аяктады. Булар-шаарга кире бериштеги экопост, мэриянын имараты, маданият үйү. Маданият үйүбүздү да ремонттодук. Азыр мандайы жаркырап, Абдрахманов көчөсүнө гана эмес, жалпы шаарыбызга көрк берип турат.
       Айлампадан баштап Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки клумбаларга үч миң чарчы метр жерге газон чөбүнүн уругу себилип, өстүрүлүүдө. Бул ишке төрт миң тоннага жакын топурак керектелди. Жаз келери менен көркөтөндүрүү Абдрахманов көчөсүндө улантылат. Газон чөбү, гүлдөр өстүрүлөт.        Учурда биздин“Жашылдандыруу” муниципалдык чарбасы күнөсканасында гүлдөрдүн көчөттөрүн өстүрүп, жазга даярдоодо.
     Абдрахманов көчөсүндөгү жүз квартиралуу беш кабат турак-жайдын дубалына «стрит арт» (графити) чоң сүрөт тартылды. Бул кичинекей иш болгону менен шаарыбызга өзүнчө бир көрк кошту. Айрыкча  адамды түнкүсүн суктантат. Мындай сүрөт Бишкек жана Ош шаарларында гана бар. Республикабыздын региондорунан айырмаланып, биринчилерден болуп Балыкчыда муну ишке ашырдык. Бул сүрөттү тартууга бюджеттен бир да тыйын корогон жок, шаарыбыздын эли, ишкерлер жана мэрия колдоо көрсөттү. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, үлгүлүү иш болду.
   Эми 2017-жылдан баштап стратегиялык маанидеги ири Аманбаев көчөсүн толук ремонттоо башталат. Ремонт иштери республикалык бюджеттен каржыланганы жатат. Долбоор боюнча жол нугу 6 метрге чейин кеңейтилип, төрт катардан турат. Андан тышкары тротуар, арыктарды куруу жана жарык берүү жумуштары да каралган. Аталган көчө заманбап көчөлөрдүн бири болуп калат.
-Ал эми шаардын ички жолдорун ремонттоого каражат бөлүнөбү?
-Шаардын ички жолдорун ремонттоо да эстен чыккан жок. Жергиликтүү бюджетке жараша жумуштар аткарылат. 2017-жылы “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фондунун эсебинен Шарипов көчөсүнүн бир чакырымы асфальтталып, тротуар жасалат.
 Адбрахманов көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзгөн «Чу прокси» компаниясы сүйлөшүүлөргө жараша шаарыбыздын айрым көчөлөрүн өз техникаларын колдонуп түздөлөт. Азыр жолу жаман абалдагы көчөлөрдүн тизмеси чийилди.
  Мындан тышкары, “Арис” программасынын алкагында Ысык-Көл жана Кулакунов көчөлөрүнүн башынан аягына чейин жаңы столбалар коюлуп, шам чырактар орнотулат. Ошондо жакын арада Абдрахманов, Ысык-Көл, Кулакунов жана Аманбаев көчөлөрү толугу менен түнкүсүн жаркырап калат.
 
-Мектеп, бала-бакчаларга кандай маани берүүдөсүз?
-2016-жылы «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунун эсебинен 120 орундук жаңы бала-бакча курула баштаган. Буюрса 2017- жылы бул бала-бакча толук пайдаланууга берилет. Мындан тышкары 2016- жылга деп финансы министрлигине түрткү берүүчү грант алуу үчүн долбоор жазып, респбликалык бюджеттен каражат каралып, шаарыбыздын «Жомок» бала-бакчасын толугу менен ремонттодук. Ал эми 2017-жылга карата дагы түрткү берүүчү грантка 3 долбоор сунуштап жатабыз. Биринчиси, «Чолпон» бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу жана дубалдарды жылуулоо, экинчиси, № 10 «Манас» атындагы орто мектебинин аймагын курчоо, ал эми үчүнчүсү, Балдардын билим борборун толугу менен капиталдык ремонттоо.
2017- жылдан баштап 4 орто мектепте «Ысык тамак» долбоору ишке ашат. Азыркы учурда баардык мектептерде 1- класстан 4-класска чейинки окуучуларга бир маал булочка менен чай берилип келатат. Ал эми жогоруда аталган долбоорго ылайык 4 мектепте ысык тамак да берилмекчи. Бул долбоор мэриянын, БУУнун «Дүйнөлүк тамак-аш программасы» жана «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунун колдоосу менен ишке ашырылат.
«Арис» программасынын долбоорунун алкагында «Ак Тилек» бала-бакчасы, Кычан жана Ч.Айтматов атындагы мектептердин жер титирөөгө туруштук бергидей конструкциялары бекемделип, жылытуу жабдуулары толугу менен алмаштырылат. Мындан тышкары сырткы дубалдары жылуулукту сактоочу материалдар менен капталып, терезелери жаңыртылат. Бирок, бул жумуш көлөмү узакка созулгандыктан, биринчи этапта изилдөө иштери аткарылат.
2016-жылга карата алынган түрткү берүүчү гранттын эсебинен шаардык оорукананын кир жуучу жайы толук ремонттолуп, швейцариялык кир жуучу жаңы машиналар алынды.
-Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртууда кандай иштер жетекчиликке алынууда?
-2017- жылдын жаз айында муниципалдык базардын курулушун аяктайбыз. Жаңы базар иштей баштайт, шаар тургундарынын ишкердигин өнүктүрүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Базардын жанында «Элди тейлөө борбору» курулганы жатат. Бул тейлөө борбору 1000 чарчы метрге жакын аянтты ээлейт. Борбордо ГРСтин (мамкаттоо), муниципалдык менчик башкармалыгынын (УМСтин), салык кызматынын, коммерциалык банктардын ж.б. тейлөө мекемелердин адистери жайгашып, элге кызмат көрсөтүшөт. Кыскасы, борбордо калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү баардык тармактар орун алышат. Бирдиктүү борбордон тейлөө кызматын көрсөтүү калктын суроо-талаптарын тез жана сапаттуу бүткөрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзмөкчү.
Шаардык коммуналдык кызматтардын жабдууларын да жаңылоо боюнча иштер жетекчиликке алынды. Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн  негизинде сууну үнөмдөө максатында мекемелерге, турак үйлөргө суу эсептегичтери коюлууда. Тазалык ишканасына аталган банк аркулуу 1 таштанды ташуучу автоунаа, 1 эксковатор, 1 самосвал жана таштанды тепселөөчү трактор алуу чечилди. Бул техникалар тендердин талаптарына ылайык 2017-жылдын жай айында шаарга алынмакчы. Аталган банк менен тыкыс иш алып баруу менен аткарчу иш- чаралар долбоордун 1-чи фазасы болсо, 2-чи фазасынын алкагында шаарыбыздын канализация маселеси чечилет. Бул иш дагы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.
 
-Инвестиция тартуу иштерине токтолсоңуз?
-Балыкчы тогуз жолдун тоому демекчи, биздин шаар республикабыздын үч чоң областтарынын түйүнү. Автоунаа, суу, темир жол байланыштардын баардык түрү бар. Балыкчыдан 40 чакырым алыс жайгашкан “Тамчы” аэропортун эске алсак, аба жол транспортунун каттамы дагы бар десек болот. Ушундай ынгайлуу логистикалык түйүндүн бир жерде жайгашууcу бизнес үчүн эң бир маанилүү факторлор болуп эсептелет. Мындан тышкары, борбор шаарыбыздан 170 чакырым, ал эми Кытай чек арасынан 350 чакырым аралыкта жайгашканыбыз да ыңгайлуу шарттардын бири. Эң эле маанилүү жагдай бул - республикабыздын турситтик зонасы болгон Ысык-Көлгө кире бериштеги эң биринчи шаар болгонубуз. Баса белгилөөчү нерсе, азыркы биздин максат Балыкчыны Союз учурундагы деңгээлге чыгаруу, өлкөбүздүн алдыңкы шаарларынын катарына кошуу болуп эсептелет. Биз, учурда “Балыкчы – Кыргызстандын үчүнчү шаары” деген идеянын-ой, кыялдын, тилектин алкагында Балыкчы шаарын өнүктүрүү боюнча стратегиялык планды түзүп жатабыз. Балыкчыны Бишкек, Ош шаарларынан кийинки үчүнчү шаарга айлантуу милдетибиз.
Мына ушундай жогоруда аталган факторлор инвесторлорго абдан кызык болот деп ойлойм. Шаарыбыздын артыкчылыктарынын негизинде Балыкчы шаарынын инвестициялык картасын иштеп чыктык. Ушул артыкчылыктарды көптөгөн форумдарда көрсөтүп келатабыз. Ар кандай эл аралык форумдарга активдүү катыша баштадык, ар кандай эл аралык аянтчаларда шаарыбыздын потенциалын тартуулап келебиз.
Өзүм көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде иштегениме байланыштуу, инвестиция тартуу жаатында эл аралык мамилелерди күчөтүш керектигин ар дайым айтып келем. Ошондуктан ушул багытта иш-чараларды жандандыруу максатында жигердүү иш алып бара баштадык. Негизи Балыкчыда эл аралык мамилелерди түзүүгө багытталган иш-аракеттерге акыркы жылдары көңүл аз бурулганын байкадым.
Балыкчыны чет өлкөлөрдүн шаарлары менен боордош шаарлар кылуу бонча иштер башталды. Бул маселе боюнча Үрүмчү жана Гуанджоу шаарларындагы биздин Кытайдагы элчилик иш алып барууда. Араб өлкөлөрүндөгү биздин элчилик менен дагы байланыштар түзүлүүдө.
Азыркы учурда Балыкчыда шамал кубатынан электр энергияны иштеп чыгаруу боюнча Кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөр башталды. «China Power» (КНР) жана «Green Guest Solutions» (Англия) компаниялары менен кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. 50 МВт станция куруу боюнча макулдашуулар болду. Инвесторлор 200 гектар жер сурап жатат. Буюрса Кыргызстанда эң биринчилерден болуп шамалдын күчү менен электр энергиясын чыгарган шаар болуп калабыз.
Балыкчыга этношаарча куруунун эскиздик планы иштелип чыгып жатат. Ушул пландын негизинде инвесторлорго кайрылып, этношаарчанын курулушуна катуушусун сунуштайбыз.
 
 
- Конституциябызга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуз?
-2010-жылдын 27-июнундагы Бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөдө чыныгы парламентаризмди орнотту жана бийлик менен элдин ажырымын ишенимдүү жойду. Бул чынында эле кыргыз элинин тарыхый жетишкендиги болду деп эсептейм. Ошол эле учурда баарыбызга белгилүү болгондой, Конституциянын айрым жоболору коомдо талаш туудурду, алар азыркыга чейин жүрүп жатат. Ошондой эле акыркы алты жылда дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп өттү, аларды Конституция даярдалып жатканда эске алуу мүмкүн эмес болчу.
Ошондуктан бүгүнкү күндө Конституциянын айрым жоболорундагы ачыктан ачык карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди жоюу, ошондой эле жаңы чакырыктарга тиешелүү түрдө чара көрүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жаралды. Өзгөртүүлөрдү киргизип жатып, парламенттик демократиянын маани-маңызы өзгөртүлбөстөн сакталып кала бермекчи.
Эң башкысы биз президенттин жеке бийлигин чыңдап аткан жокпуз. Биринчи кезекте өлкөбүздүн коопсуздугун, көз карандысыздыгын бекемдөө менен чыныгы парламенттик башкарууга өтүүгө  жол ачуудабыз.
 
-Өзгөртүүлөргө “Кумтөр” боюнча жоопкерчилик да кирип жатат. Ушул тууралуу сиздин пикириңизди билсек?
-Толуктай кетсем, бул жерде жалгыз «Кумтөр» маселеси боюнча гана эмес, жалпы баардык кылмыштарга тиешелүү сөз болуп жатат. 26-берененин 7-бөлүгүнө толуктоо киргизилип, жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү киргендигине байланыштуу жазык ишин токтотуунун туура эмес практикасы жоюлуп жатат. Жооптуу кызматта иштегендер каалагандай кылмыштарды жасап коюп, 10 жылдан кийин жоопкерчиликтен кутулуп келген. Эми чоң кызматта иштеп жаткандар кылмыш кылсам качан болсо да жооп берем деп билиши керек. Кийин кылган кылмышына иш козголо турганын сезиши зарыл. Бул өзгөртүүлөр жөнөкөй жарандар үчүн эмес. Жалаң чоң кызматтарда иштеп, элдин мүлкүн жегендерге байланыштуу. Ошондуктан бул абдан керектүү өзгөртүү деп ойлоймун.
Ал эми “Кумтөр” маселеси Кыргызстандын жаңы тарыхында эң татаал маселелердин бири болуп калды. «Кумтөр» боюнча келишимдер - эң кылмыштуу келишимдер болгон деген ойлор да айтылып жүрөт. Чындап айта келсек, бул кыргыз элинин трагедиясы болуп калды. Ушуга жол бергендерди 20 жыл өтсө  да жоопко тартуу керек. Муну атайын Баш мыйзамга киргизип жатканы туура. Негизи эле коррупцияга аралашкан чиновниктердин баарын мөөнөтүнө карабай жоопко тартууну колдоймун.
 
-Азыркы Конституциянын 41-беренеси эгемендүүлүккө шек келтирип, Жогорку сот тарабынан өмүр бою кесилген Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого аргасыз кылууда. Эми бул берене да өзгөргөнү жатат. Негизи улуттук мыйзамдар эл аралык нормалардан жогору турушуна кандай баа бересиз?
-Кыргызстандын улуттук мыйзамдарынын эл аралык нормалардан жогору турганы туура. Мен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн Жогорку соттун чечими эл аралык уюмдардын чечиминен жогору турушу керек деген бөлүгүн толук колдойм. Эч качан кандайдыр бир уюм өлкөгө өзүнүн оюн таңуулабашы керек. Биз демократиялуу жана эркин өлкөдө жашайбыз. Кандай чечим болбосун кайсы бир уюмдун эмес, улуттун кызыкчылыгынын эсебинен кабыл алынышы зарыл. Аскаровдун күнөөлүү экени баарыбызга маалым.
Конституцияга өтө таасирдүү өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Менимче сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик моделди кыйла туруктуу кылып, парламентаризмди өнүктүрүү жаатында зор кадам жасагандык болот.
 
-Өкмөт боюнча киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө баамыңыз? 
-Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Премьер-министр аткаруу бийлигинин вертикалындагы өзүнүн абалын күчтөнтөт, ал кадр маселесин чечет. Болгону Президенттин ыйгарым укугуна кирген коргоо жана коопсуздук сферасындагы кызматтык адамдарды дайындоо жана отставкага кетирүү чечиминен башкасын жасай алат. Мындан сырткары Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр парламенттик фракциялардын коалициялык көпчүлүктөн чыгуу үчүн жоопкерчилигин да күчтөнтөт. Жыйынтыгында Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коалициялык көпчүлүктүн жана Өкмөттүн чечимдеринин кабыл алынышын жана алардын аткарылышынын жоопкерчилигин арттырат.
Премьер-министр менен биринчи вице-премьер-министрдин ЖК депутаты кызматы менен айкалыштыруусун караган норманын киргизилүүсү Парламент менен Өкмөттүн иштешүүсүн жаңы деңгээлге көтөрөт деп ойлойм. Парламенттик көпчүлүк коалициясы менен Өкмөт бир команда болуп иштеши керек. А бизде 2010-жылдан бери 6-7 Өкмөт башчы алмашты, бул мамлекеттик бийликтеги туруктуулуктун жоктугун айгинелейт. Өкмөт башчы болуу менен депутаттык мандатты сактап калуу аткаруу органы менен мыйзам чыгаруу органынын ортосундагы байланышты жөнгө салат.
-Кызыктуу маегинизге терең ыраазычык билдирем. Элдик ишиңизди ийгиликтер коштоп турсун!
-Сизге да рахмат.

Каарман жөнүндө:
А.Мамбетов 1976-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1999-жылы Кыргызстан эл арлык университетинин эл аралык мамилелер багыты боюнча жогорку билимге ээ болгон. Эл аралык мамилелер боюнча адис, мамлекекттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистрлик даражага ээ.
Эмгек жолу 2000-жылы КР тышкы иштер министрлигиндеги КМШ департаметинде катчы-референт кызматы менен башталган. 2002-2004-жылдары КР туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинде башкы адис, төраганын жардамчысы, 2004-2007-жылдары КР тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик протокол кызматынын 3-катчысы, 2008-2010-жылдары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында башчы кызматтарды аркалаган.
2011-жылы Бишкек шаарынын мэриясында эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, 2011-2014-жылдары  жеке ишкер, 2014-жылдан «Кыргызгазтранс» ишканасында  улук адис болуп эмгектенген. Атташе дипломатиялык рангынын ээси. Улуу Британиядагы жана Малайзиядагы жогорку окуу жайларынын дипломатиялык курстарында билимин өркүндөткөн. 2015-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча окуу жайын аяктаган.
Үй-бүлөлүү. Бир кыз, эки уулдуу. Кызы Кыргыз-Түрк лицейинде окуйт. Уулдары бала бакчада. Жубайы КР Жогорку сотунун Аппаратында эмгектенет. Бош убактысында тарыхий китептерди, белгилүү коомдук ишмерлердин монографияларын окуганды жактырат.
 
Баарлашкан Кубанычбек ТЕНТИЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.