Курс НБ на 21.10.2019 $69,7890 €77,9334

Балдарга жардам көрсөтүү борбору ачылды

Аймак
18 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
176
14-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылында маданий жана эс алуу ишмердик, үй-бүлөгө жана  балдарга жардам көрсөтүү  “Дөөлөт” борбору ачылды. Аталган иш-чарага  Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Чүй облусунун Аламүдүн районун акими Марс Саккараев, Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Каиркүл Бекова катышты. Министрдин орун басары Ализа Солтонбекова Борбордун негизги максаты – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөргө, балдарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү дейт. Аталган борбор 50 адамга ылайыкталып, жергиликтүү бийликтин бюджетинин эсебинен каржыланат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.