Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Балдар үйлөрүнө жаңы жылдык белектер берилди (фоторепортаж)

Аймак
26 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
47
А.Кадырбаев балдарга оюнчуктар жана майрамдык шириндиктер менен толтурулган белектерди берди. 
- Бүгүн мен шаар башчысы гана эмес, ата катары, жаран катары шаарыбыздагы ата-эне мээримине, жылуу сөзгө муктаж болгон жаш жеткинчектерге барып, аларды жаңы жылы менен куттуктап жүрөмүн. Ар кандай майрамдык иш-чараларда биз эң оболу тагдырдын сыноосуна кабылган, аярлуу катмардагы балдардан кабар алып турууну, аларга майрамдык маанай тартуулоону адат кылышыбыз керек. Ушул учурдан пайдаланып, мен шаардагы бардык кайдыгер эмес жарандарды ушул сыяктуу балдар үйлөрүнө, балдар интернаттарына келип, колунан келген жардамдарын көрсөтүп турууга чакырып кетээр элем, анткени булар биздин жылуу сөзүбүзгө, колдообузга аябай муктаж балдар. 
Бүгүн биз аз да болсо ушул жаш жеткинчектерге майрамдык маанай тартуулоо максатында шаардагы бир нече балдар үйлөрүнө, реабилитация борборуна, үй интернаттарына бардык,- деди мэр А.Кадырбаев. 
Шаар башчысы жалпысынан 100дөй балдарга белек тапшырып, аларды майрамдары менен куттуктады. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жаш бөбөктөр да калаа башчысына өнөрлөрүн тартуулашты.
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу