Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

“Бакубат Талас” долбоорлорду каржылоодо

Аймак
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
427
 “Бакубат Талас өнүктүрүү” фондусу “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун Талас облусунун жашоочуларынын алдындагы социалдык-экономикалык жоопкерчилигин ишке ашыруу максатында, 2015-жылы Талас облустук  юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлгөн. Аталган компания 6 жыл аралыгында фондго 600 млн. сом акча каражатын түшүрүүнү пландаган. Быйылкы жылдын эсебинен 100 млн. сом фонддун эсебине келип түшүп, облустун жашоочулары тарабынан жаңы жумушчу орундарын түзүү багытындагы долбоорлор АКБ “Кыргызстан” банкы аркылуу 8 пайыздык өлчөм менен каржыланууда. Аталган каражаттын 70 пайызын банк аркылуу  экономикалык, айыл-чарба багытындагы долбоорлорго, калган 30 пайызын фонд аркылуу атайын байкоочу кеңештин чечими менен социалдык долбоорлорго жумшалат. Бүгүнкү күнгө 8 пайыздык өлчөм менен 29 млн. сомдук айыл-чарбасын өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү багытындагы долбоорлор каржыланды. 
 Жети  адамдан турган Байкоочу кеңештин мүчөлөрү фонд түзүлгөн күндөн баштап облустун жашоочуларынан, мекеме-ишканалардан, коомдук уюмдардан түшкөн социалдык багыттагы каржылык колдоо көрсөтүү боюнча арыздарды карап чыгышып,  өтө муктаж деп табылган 5 долбоорго 4 млн. сомдук  каржылык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алышты.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.