Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Аялдаманын «көркүн ачкан» таксилер

Аймак
02 - Сентябрь 2016
Админ
603

Жайкы эс алуу аяктап, студенттер, окуучулар шаар ичи өзүнчө шаңга бөлөнгөндөй. Дегеним жол тыгындары жана автобустардын, маршруттук микроавтобустардын ичи андан бетер тыгынга айланды. Аялдамалар да көркүнө чыккандай. Эми ушул 20 метрдей аралыкка созулган аялдамада тыгын жараткан таксисттердин элге ыңгайсыздык жаратканын көрүп зээниң кейийт. Каз-катар тизилген таксилер, коомдук транспорттун элди тейлөөсүнө бир топ тоскоолдук жаратып жатышат. Бул маселе буга чейин деле айтылып эле келет. Бирок жыйынтык жок. Жол кайгуул кызматы келип тазалап кетишет. Алар кетери менен кайрадан тизилгени тизилген. Кыскасы мышык-чычкан оюну. Бул көрүнүштөргө таксисттер өздөрү гана түшүнүү менен, элди сыйлоо менен мамиле жасаса болот. Аларды да түшүнүүгө болот, оокат, тирилик, үй-бүлө багуу дегендей. Болгону аялдамадагы 20 гана метрлик аралыкты бош коюшса болбойбу. Кимге такси керек болсо басып барышат. Эл деле айта берип тажап калгандай. Ал эми такситтер аялдамаларды өздөрүнүн жумуш ордуларындай  кабылдап калышкандай.

Айзада Дүйшөнбаева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу