Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Авиакырсыктан жабыр тарткандарга Баткен облусунда 1,5 млн сом жардам топтолду

Аймак
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
364

 16-январда Дача СУ аймагындагы авиакырсыктан жабыр тарткандарга Баткен облусунда 1 млн 594 миң 633 сом топтолду. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек райондук администрациясы 40 миң сом, Исфана шаардык мэриясынын админстрациясы 40 миң сом,
Баткен райондук мамлекттик админстрациясы 30 миң сом, Баткен облустук «Баткен таңы» гезитинин эмгек жамааты 5300 сом акча тапшырышкан.
Мындан сырткары Баткен облусунун жашоочуларынан атайын ачылган пунктарга 28 миң 320 сом, 300 кг азык-түлүк, жылуу кийим, төшөктөр топтолгон.

Булак: Turmush



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.