Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Ат-Башыга айылдашы менен атчан кеткен 42 жаштагы тургун дайынсыз жоголду

Аймак
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
166
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 42 жаштагы жергиликтүү тургун изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынан 13-февраль күнү 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген.
«13-февраль күнү саат 22:25де издөө иш-чараларын жүзгүзүүгө ӨКМдин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылып, иш-чаралар 14-февралда саат 01:30га чейин жүргүзүлүп, убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн улантылат», - деп айтылат маалыматта.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.