Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Ат-Башыда үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралууда

Аймак
01 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
501
Ат-Башынын “Аралбай-Саз” аймагында жер алдынан чыккан суулар тоңуп, болжол менен 300 турак үйдү каптап калуу коркунучу турат. Муз каптаган аймак менен турак жайлардын аралыгы  болжол менен 250-300 метрди түзөт. Мындай маалыматты  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, үйлөрдү суу каптоонун алдын-алуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 500 даана кап бөлүнгөн. Учурда бул аймак комиссиянын көзөмөлүндө турат. Ал эми ичине кум толтурулган каптарды тизүү иштери аталган аймактын ыктыярдуу топторунун күчү менен жүргүзүлүүдө.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.