Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Ат-Башыда дале кыш

Аймак
14 - Март 2017
www.erkintoo.kg
436
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда Ат-Башы районунда 12-март күнү түндө Ак-Муз айылында жана Талды-Суу айыл аймагынын Өзгөрүш айылында катуу шамал катталып, кээ бир турак-үйлөрдүн короолоруна, ички көчөлөрүнө кар күрткүсү толуп калган.  Кар күрткүнүн бийиктиги 50 см, айрым жерлерде 2,5 метрге чейин жеткен. Жергиликтүү тургундар өз күчтөрү менен турак-жайларынын айланасын кардан тазалоо иштерин аткарууда. Ошондой эле Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Муз айылында шамалдын кесепетинен кар күрткүлөрү 8 ички көчөлөрдү жаап калган, кар күрткүнүн бийиктиги 50-60 см түзөт. Тазалоо иштери шамал токтоору менен башталат,-деп билдиришти министрликтен.
 Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.