Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеш өтөт

Аймак
15 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
149
Ошто 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 21-22-февраль күндөрү эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт.
Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:
1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,
2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери  арасында.
 
Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.
 
 Мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын  көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаардагы бардык каалаган мекеме-ишканалардын  жана окуу жайлардын командалары катыша алат.
Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.