Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Ат оюндары 6 күн бою уланат

Аймак
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
355
Нооруз” майрамынын урматына карата улуттук салбуурун жана ат оюндары өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун буйругу чыккан. Ошого байланыштуу ат оюндары боюнча мелдеш башталды. Мелдеш Ош облусунун ат майданында бүгүн башталды.  Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан бул иш-чара 21-мартка чейин уланат. Анда көк-бөрү, кунан чабыш, аламан байге, салбуурун оюндары боюнча мелдеш өтөт. Катышуучулар үчүн жатакана, аттар үчүн сарайлар даярдалды.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.