Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

А.С.Пушкин мектебин 60 жылда 60 окуучу алтын медаль менен аяктады

Аймак
05 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
22
Кызыл-Кыя шаарындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин 60 жылдык мааракелик салтанатына КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, мектептин ардагер мугалимдери жана жалпы шаар тургундары катышты.
Аталган мектеп 1957-жылы пайдаланууга берилген. Быйыл 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан мектеп бул убакыт аралыгында 4000 бүтүрүүчүнү уядан учурган болсо, анын 60ы артыкчылык менен аяктаган.
Салтанаттын жүрүшүндө мектептин тарыхы жөнүндө мектеп музейиндеги экспонаттар жана мугалимдер менен окуучулардын жетишкендиктерин даңазалаган сыйлыктары көргөзмөгө коюлду.
Өкүл Абиш Халмурзаев мектептин мааракелик куттуктоо китебине каалоо тилектерин калтырып, мектеп жамаатына 25 миң сом акчалай сыйлык тапшыруу менен бир катар мугалимдерге сыйлыктарын тапшырды.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу