Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Аскер бөлүккө 40 жыл

Аймак
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
614
9-ноябрь күнү Нарын шаарындагы «Жаштар-Ордо» борборунда Нарын шаарындагы №93546-аскердик бөлүктүн уюшулгандыгынын 40 жылдыгы белгиледи. Ал аралыкта мекеме даңктуу дагы, дабышсыз дагы учурларды басып өтүп, башынан оор кыйынчылыктарды да кечирген. Азыркы тапта бар болгону бригада деген эң төмөнкү аталышка ээ болуп, эптеп өлбөстүк күнүн көргөн жашоо өткөрүүдө.
         -СССР менен Кытайдын мамилеси абдан курчуп турган маалда Нарында, Караколдо жана Гүлчөдө атайын тоо аткычтар дивизиясынын аскердик бөлүктөрү уюшулган. Мамлекеттин жүздөгөн миллион рубли коротулган. Союз учурунда гүлдөп турган бөлүк, кийин эгемендик келгенде кароосуз калган. Мен командир болуп дайындалып келсем, баякы не бир укмуш техникалар жок болуптур. Чындыгында далайын ар кайсы жерден чогултуп топтодук. Ошондуктан мамлекет мындай аскердик бөлүктөрдү күчөтүш керек эле. Бирок үмүттү үзбөгүлө, бул убактылуу көрүнүш деп эсептеймин,-деди запастагы генерал-майор Мэлс Бекбоев аксакал. Мындай жүйөөгө бир учурда бул бөлүктү жетектеп кеткен, учурда дивизия башчысы Бактыбек Бекболотов да кошулат.
         -Канчалаган каражатка курган мындай аскердик бөлүктү, бир жылдан кийин жоюп салуу деген кылмыш. Бирок мен бул бөлүк кайра төрөлүп, кайрадан көбөйөт деп ишенем,-деген Панфилов атындагы мото аткычтар дивизиясынын командири Б.Бекболотов бөлүктүн кызматкери Ишенбек Мүсүралиевге «Алкыш» жарыялангандыгын билдирип, айрым кызматкерлерге баалуу белек тапшырды. 
         -«Эр жигит эл четинде жоо бетинде» деп жөн жерден айтылбаган. Бир учурда эркек балдар ата-бабалар көрбөгөн жерге барышып Мекенди коргошкон. Эми болсо айрым жаштарыбыз өлкөбүздү коргогондон баш тартышууда. Мына залды карасак дагы жаштар жок экен. Ошондуктан биз кийинки муундарды мекенчилдикке тарбиялашыбыз керек. Бирок сиздердин кесип ары татаал, жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу. Сиздер бар үчүн биз тынч жашап иштеп жатабыз,-деген облус жетекчиси, өкүл Аманбай Кайыпов бир катар кызматкерлерди Ардак Грамота менен сыйлады. Ал эми №93546-аскер бөлүктүн командири Кыялбек Козубеков:-Биз кыскартылып, 2011-жылдан бери Панфилов атындагы дивизиянын тоо аткычтар бригадасы болуп калганбыз. Канча офицердик курам жана солдат бар экендиги айтылбайт. Жумушбуз күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктар менен алек болуу,-деп кыскача гана маалымат берди.
         №93546-аскер бөлүктүн имарат жайлары өткөн кылымдын 70-жылдарында СССР Коргоо министрлигинин буйругу менен салына баштап, 1976-жылдын 9-ноябрь күнү толук кандуу иштей баштаган экен. Кыргыз эли Эгемендик алгандан тарта өлкөнүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, кийин Коргоо министрлигинин карамагында болуп келип, соңку жылдардан бери КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын алдындагы Панфилов атындагы мото аткычтар дивизиясынын аскердик бригадасы болуп эсептелет.
 
К.УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.