Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

“Ардактуу инсан” төш белгиси Жунусмамат Эрмековго ыйгарылды

Аймак
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
628
Ош курулуш колледжинин директору, 48 жыл  жаштарга билим берген Жунусмамат Эрмековго КРнын коомдук инсандар бирикмеси тарабынан “Ардактуу инсан”  жана “Эл сүйгөн жетекчи” аттуу төш белгилер тапшырылды.
  КРнын коомдук инсандар бирикмесинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын төрагасынын жооптуу катчысы Камбаралы Абсатаров сөз сүйлөп, төш белгини тапшырды.  “Ош облусу боюнча 40дан ашуун жаран “Ардактуу инсан” жана “Эл сүйгөн жетекчи” төш белгилерине ээ болушкан. Бул сыйлыктар эл үчүн ак эмгек кылган белгилүү инсандарга гана ыйгарылат”-деди К.Абсатаров.
     Жунусмамат Эрмеков эмгек жолунда орто жана жогорку окуу жайларда математиканы окутуунун усулдары боюнча 3 монографиянын  автору, 30дан ашуун илимий-усулдук  макалаларды жазган. Ошондой эле 1992-жылы информатика илими боюнча кандидаттык диссертацияны Москвадан коргоп, учурда Ош курулуш колледжинин директору болуп эмгектенип келет. Педагогика илиминин кандидаты, информатика багыты боюнча доцент Жунусмамат Эрмеков 70 жашта. 
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.