Курс НБ на 22.08.2019 $69,7961 €77,4597

Апалар күнү белгиленүүдө

Аймак
07 - Май 2019
www.erkintoo.kg
120
2-майда Талас облсундагы Бакай-Ата айыл аймагында май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленчү энелер күнүн утурлаган кече өттү. Район акими Чолпонкул Төрөкулов баштаган жетекчилер катышып, энелерге жылуу сөздөрүн арнашты.  «Энелер күнүнүн» урматына Кыргыз Республикасынын Ардактуу Айымы наамдары тапшырылды. Алар Бакай-Ата айылынан Үркүмбаева Келсинбү, 14 уул-кызын апасы, 53 небереге чоң эне, 32 чеберелүү болгон 80 жаштагы Базарбаева Жумагүл  жана Боо-Терек айыл аймагынан Ажарбү  Кожокулова апаларга тапшырылды. Атайын концерттик программага атайын кече күнөөкөрлөрүнүн неберелери чоң энелерине өз арноолорун тартуулашса, райондук музыкалык мектептин окуучулары комузда кол ойнотушуп, Талас облусу боюнча түзүлгөн «Жаш калемгерлер» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү эне тууралуу өз чыгармаларын тартуулашты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.