Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Андан бери 32 жыл агып өткөн экен

Аймак
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
974
Быйылкы жылы улуу талант Жолдубай Кайыповдун 70 жылдыгы мүлдө Ала Тоо жергесинде эскерүү катары белгиленүүдө. Бар болгону бул жалган дүйнөдө 38 жыл гана өмүр сүргөнү менен, кыргыз эли бар кезде анын экинчи өмүрү да жашай бермекчи.
        
         26-октябрь күнү Нарын шаарындагы Муса Баетов атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу, эл аралык алкактагы «Эң мыкты диктор» ийгисинин ээси, маркум Жолдубай Кайыповдун 70 жылдыгына арналган кош иш-чара болуп өттү. Анда облустук тармактык китепкана «Жалп этип өчкөн жарык жылдыз» аттуу китеп көргөзмөнү уюштурса, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен облустук телерадио компаниясы биргелешип жарыялаган Ж.Кайыповдун обондуу ырларын аткаруучулар арасындагы «Андан бери жылдар алмашты» аттуу теле сынактын облустук туру өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.
         -Атактуу Жолдубай Кайыповдун ырларын аткаруучуларды эл арасынан табуу, анын обончулук, аткаруучулук, дикторлук талантын кийинки муундарга кеңири тааныштыруу жана чыгармачылыктарын мындан ары өркүндөтүү, аларды калкка даңазалоо максатында быйыл май айында сынак  жарыяланып, Жобосу дагы бекитилген. Жобо боюнча сынактын биринчи туру райондордо жана Нарын шаарында өткөрүлдү. Эми облустук турга райондордон жеңүүчү болуп келген 42 аткаруучу келишти. Катышуучулардын эң жашы 11 жаштагы мектеп окуучусу болсо, эң улуусу 70 жаштагы ардагерлер болушту,-деп билдирди КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Нарын облусу боюнча координатору, калыстар тобунун мүчөсү Садыркул Нурмамбетов.
         Ошентип калыстар сынынан өткөн аткаруучулар арасынан 3-орун Кочкор районунан келген Сагынбек Алиевге (5 миң сом), экинчи орун Нарын районунун аткаруучусу, эң жаш катышуучу болгон окуучу Улук Курманбековго (8 миң сом), биринчи орун Нарын шаарынан мугалим Карыпбай Куланбаевге (10 миң сом) ыйгарылды. Ал эми баш байге 20 миң сом Ат-Башы районунан келген «Арууке» апалар тобуна берилди.   -Мен ушул сынакты уюштуруучуларга, демилгечилерге терең ыраазычылык билдиремин. Албетте ата-эне, бир тууган деген эң ыйык нерселер болот экен. Байкем аз жашаса дагы элдин сезимине, элдин кучагына кирген. Ошондуктан байкемдин ырларын аткарайын, эл алдына чыгып тартуулайын деп катышкандарга дагы таазим этем. Эми тагдыр жазмыш деген ушундай экен, байкем 38 жаш гана өмүр сүрүп калды. Бирок артында бала бакырасы калды. А кишини өлтүрбөгөн кыргыз эли бар. Ошого каниет кылалы. Мындан ары дагы мамлекетибиздин биримдиги үчүн, келечеги үчүн иштегендер чыга берсин,-деди сынактын салтанаттуу аземине катышууга келген Ж.Кайыповдун бир тууган иниси, облустун жетекчиси Аманбай Кайыпов.
Сынактын байге кору 85 миң сомду түзсө, анын 70 миң сомун А.Кайыпов өз каражатынан, 10 миң сомду облустук теле радио компаниясы жана 5 миң сомду С.Андабеков менен К.Карасартова кору салым кылышкан экен.
Жолдубай Кайыпов 1946-жылдын 11-август күнү Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында малчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун аяктап, туулуп өскөн районундогу ал учурдагы «Пограничник» колхозунда зоотехник болуп иштеген. 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы көркөм-өнөр институтун аяктаган. 1965-1973-жылдарда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист, 1973-жылдан өмүрүнүн аягына чейин же болбосо 1984-жылдын 29-март күнүнө чейин Кыргыз теле көрсөтүү комитетинде диктор болуп эмгектенген. Ж.Кайыпов 70 обондуу ырдын автору болгон. 35 жаш курагында ага «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти» ардак наамы ыйгарылган.
Ысымы Жаңы-Күч айылындагы орто мектепке, Бишкек, Нарын шаарларындагы жана Ат-Башы айылындагы көчөгө ыйгарылган.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.