Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мамадумарович: “Ак жолдо таза жашап, келечек муунга жакшылыкты калтырып кетиш үчүн жаралганбыз"

Аймак
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
27
  Шухрат Гафаров 40 жашта. Элинин бекем  ишенимине ээ болуп, ушул жылдын  январь айында  2-жолу жолу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Жетекчи катары анын негизги  максаты  айылдарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүп, бюджетти көтөрүү жана айыл аймактын казынасын толтуруу менен бирге  айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу болуп саналат. А.Мирмахмудов атындагы  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  2017-жылдын  6-айлыгына карата   планы  9147,6 болсо, факт жүзүндө аткарылганы  12561,0 өсүү  темпи 137,3 пайызды түзгөн.  Айыл аймагында 23 миңден ашуун калк жашайт.Жайгашкан аянты  жалпысынан 23км2 түзөт, анда 3677 кожолук бар.
- Биздеги ички жолдордун абалы өтө начар болчу. Быйыл 5,5км жолду асфальттадык.Жаңы айылдарга шагыл төшөлдү. Айылдардын арасында атайын мыйзамдуу каттоодон өтпөгөн  айылдар  да. Бизде 10 мектеп, 1 гимназия,6 өзбек тилдүү мектептер. Бардыгында окутуу кыргыз тилине өткөн.Айыл аймагындагы Аль – Хоразмий атындагы гимназияда математика сабагы тереңдетип окутууга  ылайыкташтырылган болчу. Быйылкы жылдан  коомчулуктун суранычы жана айыл өкмөтүнүн жеке  демилгеси менен  гимназияда мамлекеттик тил - кыргыз тили, расмий тил орус тили жана англис, араб тилин тереңдетип окутуу багытына өткөрүлдү.Биз билим берүү тармагына басым жасап жатканыбыздын дагы бир мисалына  Арал айылындагы  атайын уюштурулган  Баарлашуу борборунун бөлмөсүндө  китепкана ачылды. Жогоруда  белгилегенимдей. Биз ички жолдордун ремотуна көп көңүл буруп жатабыз. Барын айылындагы  М.Ахмадалиев атындагы көчөсүнүн 1,5 км жерине асфальт төшөө иштери  аткарылууда. КРнын республикалык бюджетинин эсебинен Аэропортная көчөсүнүн 1,5 км жерине асфальт төшөө иштери жүргүзүп жатат.
Түндө саат  1де жатам. Эртең менен саат 7де туруп намаз окуйм.Эгер уктап калсам дүйнөдө өзүмдү артта калып кеткендей сезем. Алла-таалам жашообуздун он беш күнүн жарык, он беш күнүн  караңгы кылып жаратса, жарыктыкты жакшы нерселер үчүн берген. Ошондуктан адам баласы  Ак жолдо таза жашап,келечек муунга жакшылыкты калтырып кетиш үчүн жаралганбыз. Шухрат мырзаны жергиликтүү кеңештин 31 депутатынын 29 депутаты бир добуштан колдоп беришти.Анын ишмердүүлүгүн, келечектеги пландарын, ой-пикирин 95 пайызы  кубатташат. Эки депутат гана тескери пикирин билдирип, көбүнчө башка  маанайда экенин жашырышпайт. Ал өзүнүн оппоненттери менен көбүнчө талашып-тартышканды өөн көрбөйт, «талаштан тактык жаралат» дейт. Шухрат Гафаров быйыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
     -Биздин айыл өкмөт Ноокат шаары менен  ирегелеш, коюндашып кетет. Эл аралык донор уюмдар менен тыгыз иштешип жатабыз.Жергиликтүү бюджеттин каржылоосу жана коомчулуктун колдоосу менен  Барын айылына таза суу түтүктөрү орнотулду, натыйжада  270 кожолук  таза суу менен камсыз болду. Эл аралык уюмдар менен эриш-аркак иштөөгө эл да көнүп калды. Анткени, элдин  кызыкчылыгы болбосо, жапатырмак колдоого алып, өз үлүшүн кошо албаса, ал уюмдар бизге тынымсыз келбейт болчу. БУУ нун  БДАТП программасынын алкагында, жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда  аталган көчөлөрдүн 3,6 км жерине таза суу  тартылып, суу түтүктөрү орнотулду жана  426 кожолук   иче турган таза ичимдик суу менен камсыздалды. Ошондой эле Чапаев айылынын Вет.лечебница  №1,2,3 көчөлөрүн жана Барын айылындагы МТФ 1,2,3 көчөлөрүн таза суу менен камсыздоого байланыштуу БУУ нун БДАТП программасынын алкагында, жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда аталган көчөлөрдүн 3,6 км жерине таза суу тармагы тартылып, суу түтүктөрү орнотулду жана  426 кожолук  таза суу менен камсыздалды. Алар келери менен эл менен жолугушуп, өздөрүнүн план-максаттарын айтып, элдин пикирин угуп, көпчүлүктүн жактыруусуна ээ болгондо да ишке киришишет. Швейцариянын Хелветас уюмунун колдоосу менен  иш жүзүнө ашкан «Шалгама» алышына дамба куруу долбоору жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда аткарылды. Аталган долбоордун алкагында 12 метрлик дамба курулуп, 1,8 км ички арыктар тазаланды.
     Айыл калкынын 123 га үлүш жерлери жана 205 га жакын тамаркалары сугат суу менен камсыздалды. Жергиликтүү бюджеттин каржылоосу эл аралык уюмдар БУУ нун БДАТП жана коомчулуктун жардамы менен Барын айылынын «Ак - Шувак» жана «Саховат» сугат алыштары ремонттолду. Ошону менен бирге  АРИС тин ПРЖР долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнө эки атайын техника сатып алынууда. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан «Капка» сугат каналынын 650 метр жери ремонттолду. Бул каналдын ишке түшүшү менен Кара Таш айыл аймагынан 68 кожолук  жана 85 га үлүш жери, А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын 268 кожолугу жана 95 га үлүш жери сугат суу менен камсыздалды. Долбоор TIKA Түрк эл аралык уюмунун  жана  жергилктүү бюджеттин каржылоосу менен ишке ашты. КР нын каржы министрлиги алдындагы түрткү  берүүчү грантынын каржылоосу, жергиликтүү бюджеттин жана коомчулуктун колдоосу менен Чапаев айылынын Коргошун  талаа участкасында ФАП курулууда.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу