Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Аманбай Кайыпов иш сапары менен Кочкор районунда болду

Аймак
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1256
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  А. Кайыпов иш сапардын жүрүшүндө күзгү оруп-жыюу иштери жана  социалдык объектилердин курулуштары менен таанышты.
Алгач Исакеев айылындагы Кеңеш насостук станциясында коюлуп жаткан суу түтүкчөлөрүн көрүп, калкты суу менен толук  камсыз кылуу үчүн  жетишпей жаткан 200 метр суу түтүктөрүн чечип берүүнү убадалады.
Андан соң Исакеев айылындагы С.Исагалиев атындагы орто мектебинин абалы менен таанышып, Кочкор айылындагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтунан кийинки абалын көрүп чыкты. Акыркы аталган мектеп, директор Өмүрбек Бейшенбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы ЖЧК «Эвитстрой» курулуш компаниясы аркылуу капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Бирок 11 млн сомго тендерди утуп алганына карабай, ишкана жарым жумушун аткарбай кетип калган. Көйгөй боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы капиталдык курулуш департаментине билдирилип, бирок ушул күнгө чейин жыйынтык чыкпай келет. Ушуга байланыштуу А.Кайыпов Облустук капиталдык курулуш башкармалыгына тез аранын ичинде териштирүү ишин жүргүзүүнү тапшырды.
 Райондо 4 мектеп жаңы салынып жаткан учуру. Облус башчы алардын ичинен Чекилдек айылындагы К.Темиров атындагы орто мектебинин, Талаа-Булак айылындагы С.Өмүрбаев атындагы орто мектебинин курулуштарын көрүп чыгып, көз жаздымда калып жаткан маселелер боюнча көрсөтмө берди.
А.Кайыпов Көк-Жар айылынын жаңы салынып жаткан спорттук борбордун ишин көрүп, айыл жаштарынын өкүлдөрү менен жолукту. Жаш активист Шаршенбек уулу Максат Көк-Жар айылынан күрөш боюнча Азия жана дүйнөлүк мелдештерге катышып жаткан улан-кыздар бар экенин белгилеп, жаштардын спортко кызыгуусун арттыруу үчүн бардык шарты бар күрөш залы жана кичи футболдук аянтчасын куруу демилгеленгенин маалымдады. Долбоор финансы министрлиги тарабынан 3 млн сомго чукул каражат бөлүнүп, андан сырткары  жаштар өздүк салым катары 208 миң сом чогултушканын билдирди.
Облус жетекчиси жакшы саамалыктардын бири катары Семиз-Бел айыл аймагын мисалга алса болоорун айтты. Бүгүнкү күндө аталган айыл аймакта жалпы 5,5 км жолдор асфальтталып, мектеп, бала бакча, ФАП салынып жатканын белгиледи. Маданий-спорттук борбордун курулушу өзгөчө көңүл бураарлык иш. Сметалык наркы 15 млн сом салынып жаткан имарат биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулууда.
А.Кайыпов баба-дыйкан, комбайнчыларга жолугуп,  оруп-жыюу иштерин жеринде көрүү менен сапарын улантты.
Теңдик айылындагы үрөн-чарба кооперативинин башчысы Мырзабек Иманалиев   2 миң 500 калкы бар айыл тургундарынын үрөндөрүн дарылап бере тургандыгын айтып, андан тышкары кооперативдин 31 га жеринен дан эгиндери чабылып жатканын маалымдады. Азыркы учурда кампада кооперативдин 30 тонна жана айыл элинин 500 тонна эгини сакталып турат.
Дыйкан Сагын Исмакеев район башчылары менен биргеликте Ысык-Көл облусунунан 18 га жерге “Гелиос” арпа сортун алып келип сээп, биринчи түшүмүн мол берип жатканын маалымдады. Алты грандуу арпа сорту дандуу келип, Кочкор аймагында өстүрүүгө ыңгайлуу экенин кошумчалады.
Иш сапардын соңунда облус башчы жерди өздөштүрүүдө алгылыктуу натыйжа көрсөтүп жаткан Болот Асанбековдун өрүк талаасында дагы болду. Жеке ишкердин айтымында  алгач адистерден кеңеш алып, жердин кыртышын, климаттык шартын изилдеткен. Быйыл 25 га жерге 4 миң түп өрүк көчөттөрүн отургузуп, сугарууда кыйынчылыктар жаралгандыктан көчөттөрдү суу ташуучу машина менен сугарып турган. Өрүктүн өсүүсүнүн орточо көрсөткүчү 25-30 см болсо, отургузулган көчөттөр 70 см чейин өскөн. Ишкер өрүктүн алгачкы түшүмү 2018-жылы жыйналаарын билдирди. Мындан сырткары 2017-жылы кошумча 60 га жерге өрүк көчөттөрү отургузуу пландаштырылууда.
 Район акими Нурлан Керималиевдин маалыматында район боюнча жалпы айдалган түшүм алынуучу аянт 27 миң 295 га. Анын ичинен 16 миң 155 га тоют болсо, мындан кылкандуу дан эгиндери 10 миң 188 га жерге айдалып, 6095 га арпа, 4093 га буудай түзөт. Бүгүнкү күндө  оруп-жыюу иштери 70% аткарылды.
Дүйшөк кызы Айнура, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.