Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Аламүдүн районунда жер көчкү жүрдү

Аймак
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
441
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2016-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына караган түнү Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Гоо дачалык участкасында жер көчкү жүргөн. Жер көчкүдөн 1 турак үйдүн дубалы жараксыз абалга келген. Жабыркагандар жок. Учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы менен Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.